Окуу программасы жөнүндө
Жарнама боюнча адистер рынокту изилдөө менен алектенишет, ЖМКларда жана тышкы маалымат каражаттарында жарнамалык кампанияларды ойлоп табышат жана ишке ашырышат. Жарнамалык мазмундагы роликтерди түзүшөт, ураандарды ойлоп табышат. Коомчулук менен байланыш боюнча адистердин милдети — иш берүүчү (мамлекеттик же коммерциялык түзүлүш, коомдук фигура) менен коомдун ортосунда натыйжалуу байланыштарды түзүү. Алар басма сөзгө (пресс-релиздер) жана өнөктөштөргө (дайджесттер) кайрылууларды жазышат, интервьюларды уюштурушат, корпоративдик маданияттын элементтерин жана башкаларды ойлоп табышат.









