Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында рынок системасы кантип иштээрин, экономикалык өсүш принциптерин, каржылык башкаруунун негиздерин, маалыматтарды анализдөөнү жана божомолдоону билген адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Бизнес экономикасы жаатындагы адистер экономикалык саясат, рыноктук атаандаштыкты жөнгө салуу, эл аралык соода жана заманбап бизнестин башка маанилүү аспектилери жөнүндө билимге ээ. Алар рыноктун абалын анализдөөгө жана божомолдоого, бизнес натыйжалуулугун жогорулатуу стратегияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле компаниянын каржысын жана ресурстарын башкарууга даярданышат.









