Окуу программасы жөнүндө
Магистрлер машиналык окутуу жана жасалма интеллект, маалыматтарды талдоо, компьютердик көрүү, чоң маалыматтар, терең окутуу, компьютердик лингвистика, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу алгоритмдери боюнча терең фундаменталдык жана практикалык билимдерди алышат. Бүтүрүүчүлөр маалыматтарды талдоо, маалымат системаларын түзүү жана ишке киргизүү, уюмдардын инфраструктураларын санариптештирүүнү башкаруу боюнча заманбап колдонмо тапшырмаларды чече алышат.









