Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында программалык каражаттарды, базаларды жана маалымат сактагычтарды иштеп чыгуу технологияларына ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Алар геоинформатикалык системалар жаатындагы маалыматтык технологиялардын заманбап өнүгүү тенденцияларын билишет жана долбоорду анын жашоо циклинин бардык этаптарында башкарууга, оригиналдуу алгоритмдик жана программалык камсыздоону иштеп чыгууга жөндөмдүү. Бүтүрүүчүлөр геоинформатика жаатындагы заманбап IT колдонуп, маалыматтык жана автоматташтырылган системалардын программалык жана аппараттык камсыздоосун модернизациялай алышат.









