Окуу программасы жөнүндө
Бул профиль боюнча окуу процессинде студенттер транспорттук процесстер жана системалар теориясы, транспорттун уюштуруучулук-өндүрүштүк түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү, транспорттук инфраструктура, автомобиль транспорту ишканаларынын өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгү, транспорттогу маалыматтык технологиялар, жүк жана жүргүнчү ташууларды пландаштыруу жана уюштуруу методологиясы, транспорттук логистика принциптери, транспорттук процесстер жана системаларды моделдөө, транспорттук-экспедициялык тейлөөнүн негиздери, мультимодалдык транспорттук технологиялар менен таанышат.












