Окуу программасы жөнүндө
Окуу процессинде студенттер мунай-газ ишинин негиздери, жер астындагы гидромеханика, газ-мунай түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо негиздери, аларды дат басуудан коргоо ыкмалары, мунай-газ тармагындагы объектилерде жарылуучу иштердин технологиясы жана коопсуздугу менен таанышат. Ошондой эле студенттер геология, мунай жана газ химиясы, механика жана башка тармактар боюнча керектүү билимдерди алышат. Студенттер терең жана өтө терең кудуктарды бургулоонун өзгөчөлүктөрү, кургактыкта жана деңизде кудук продукциясын даярдоо, долбоордук документтерди иштеп чыгуу, мунай-газ иштетүү жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо өзгөчөлүктөрү менен таанышат.












